Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору —Джантаев Эльчибек Нуржадыевич өткөн жумадагы түштүк жергесине болгон расмий иш сапары жыйынтыкталды.
Иштиктүү жүрүш, Министрлер Кабинетинин тапшырмасы жана агенттиктин директорунун иш планынын негизинде аткарылды.
Штаттык бирдикти оптималдаштыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын натыйжалуу пайдалануунун аркасында иш аткарууну бирдейлештирүү маселеси учур талабы болуп турат. Андан тышкары жергиликтүү маселелерди, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жеринде чечүү аракеттери менен таанышуу максатын көздөйт.
Э.Н. Джантаев иш сапардын мерчеминде Зулпиев айыл өкмөтүнүн башчысы,
Ноокат шаарынын мэри,
Ноокат районунун администрация башчысы- акими менен жолугушту. Ошондой эле директорду, агенттиктин түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы — Т.М. Зикиров, борбордук аппараттын бөлүм башчысы -Ч.Ч. Аликеева ж.б. тийиштүү кызматкерлер коштоп жүрдү. Иш сапарлар жыйынтыкталары менен анализ жасалып Министрлер Кабинетинин төрагасына жергиликтүү маселерди жөнгө салуу менен штаттык бирдиктер боюнча сунуштама -маалымат берилет.