Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Финансылык экономикалык бөлүмүнүн башчысы (1 штаттык бирдик):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим — Финансылык экономикалык багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү  боюнча типтүү нускама”

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.

— Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

— Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору (1 штаттык бирдик):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим же орто кесиптик билим — Аскердик билим берүү  адистиктери боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика, Маданият жана искусство тармактарында

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.

— Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

— Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Жетектөөчү адис  – экономист – статист (1 штаттык бирдик):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим же орто кесиптик билим — Финансылык экономикалык багыттары боюнча, физика-математика илимдери же болбосо Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика, Маданият жана искусство багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамы.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.

— Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

— Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Токтогул районунун Толук айыл өкмөтү “Мамлекеттик жарандык жана кызмат,муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык бош ваканттык орундар жана кадрлар резервин түзүү үчүн  улук жана кенже административдик кызмат орундарына сынак жарыялайбыз!

— кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары

— иш стажына талаптар коюлбайт;

— улук административдик мамлекеттик кызмат орундары

— кенже кызматтардагы кеминде бир жылдык мамлекеттик кызмат стажы же адистиги боюнча кеминде үч жылдык иш стажы;

 

— улук кызматтардагы кеминде үч жылдык мамлекеттик кызмат стажы же адистиги боюнча кеминде беш жылдык иш стажы;

Төмөнкүдөй адамдар мамлекеттик кызматчы боло алышпайт:

— Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбагандар;

— 21 жашка толо электер;

— соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп табылгандар, болбосо соттун чечими менен мамлекеттик кызматчы катарында ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик кызматтын айрым кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынгандар;

— мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же тындырылбаган соттуулугу барлар;

— ошол административдик кызмат оруну үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же кызматка кабыл алууну жүргүзүп жаткан тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тиешелүү квалификациялык талаптарга ылайык келбегендер.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөбөгөн, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өтпөгөн, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөбөгөн эркек жарандар укук коргоо жана прокуратура органдарына мамлекеттик кызматка кире алышпайт.

Мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар адам, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик кызматта боло албайт. Кесиптик билим деңгээли:

— Жогорку билим, бардык багыттар боюнча. — Компьютерде иштей билүү.

Сынакка катышуу үчүн керек болгон документтер:

— Жеке арызы;

— Кадрларды эсепке алуу баракчасы;

-Сүрөт 3х4 өлчөмүндө 1 даана;

— Резюме (электрондук почтасы жана контактык телефон номери көрсөтүлүүсү керек)

-Паспорттун же инсандыгын күбөлөөчү башка документтердин көчүрмөсү

-Зарыл кесиптик билиминин, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтеринин көчүрмөсү (нотариалдык турдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган) -Өмүр баяны:

-Иш кагаздары кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумуш күн ичинде төмөнку дарек боюнча кабыл алынат: Токтогул району, Толук айыл өкмөтү,Алмалуу айылы, Эстебес көчөсү №13, тел:0708324997. -Квалификациялык, функционалдык милдеттер жөнундө толук маалымат www.mkk.gov.kg сайтында жайгаштырылган. -Берилген талаптарга жооп берген жарандарга сынак өткөрүү убактысы менен орду жана башка маалыматтар электрондук почталарына кошумча билдирилет.