Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин тийиштүү кызматкерлери,  жергиликтүү жамааттардын типтүү уставынын долбоорун иштеп чыгып жаткандыгына байланыштуу,  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарын жетекчиликке алган  ченем укукттук актыларга шайкеш келтирүү максатында, жергиликтүү жамаатардын ар-кыл топтору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий өкүлдөрү менен жолугушууларга чыгууда.

Алгач, Сокулук районунун  Шопоков шаарында, Сокулук айыл өкмөтүндө ар-кыл расмий жана бейрасмий топтор менен жолугушуп, пикир алмашып келишти.