ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ ЖАНА САНАРИПТЕШТИРҮҮ Бүгүн Агенттиктин директору Эльчибек Джантаев Жогорку Кеңештин көчмө жыйынына катышып, кеңири маалымат берди. Жыйын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин көчмө жыйынында өткөрүлдү. Анда Агенттиктин директору “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана санариптештирүү” темасында баяндама жасады. Баяндамада Агенттиктин негизги милдеттери, аткарылып жаткан иштер жана учурдагы көйгөйлөр кеңири талданды. Өзгөчө көңүл жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кадр тартыштыгына бурулду. Тактап айтканда, алыскы аймактардагы айыл өкмөттөрүндө юрист, IT адиси жана жер адиси сыяктуу адистер жетишсиз болуп, жалпы муниципалдык кызмат орундардын болжол менен 10 пайызы бош экени белгиленди. Кадр маселесин чечүү үчүн бир катар чаралар сунушталды. Алардын ичинде муниципалдык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу, эмгек шарттарын жакшыртуу жана кошумча стимулдарды киргизүү аркылуу адистерди тартуу жана кармап калуу маселеси көтөрүлдү. Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттердин финансылык өз алдынчалуулугун кеңейтүү зарылдыгы белгиленди. Бул багытта жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды натыйжалуу чогултуу, ишкердикти колдоо, муниципалдык мүлктү туура башкаруу жана инвестиция тартуу аркылуу кирешелерди көбөйтүү маанилүү экени айтылды. Ошондой эле бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруу жана кирешелердин аткарылышын туруктуу көзөмөлдөө аркылуу финансылык туруктуулукту камсыз кылуу зарылдыгы баса белгиленди. Бул иштер Бюджеттик кодекстин талаптарына ылайык, социалдык-экономикалык өнүгүү программалары менен тыгыз байланышта жүргүзүлүшү керектиги белгиленди. Теңдөөчү гранттарды натыйжалуу пайдалануу маселеси да көтөрүлүп, аларды киреше алып келүүчү долбоорлорго багыттоо сунушталды. Мындай ыкма жергиликтүү бюджеттердин туруктуулугун жогорулатып, өз кирешелерин көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле, эгер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы дотациялык абалдан чыкса, мурдагы трансферттерди сактап калуу аркылуу өнүгүү бюджетин түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралары белгиленди. Санариптик өнүгүү маселеси да өзгөчө орун алды. Жергиликтүү деңгээлде IT адистерди даярдоо, кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу, үзгүлтүксүз окутуу жана кайра даярдоо программаларын киргизүү зарылдыгы айтылды. Бул чаралар электрондук кызматтарды кеңири колдонууга, маалымат алмашууну ылдамдатууга жана башкаруу процесстерин заманбап деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча суроолорун берип, сунуш-пикирлерин билдиришти. Агенттиктин директору бардык суроолорго жооп берип, талкуу жыйынтыгында катышуучулар берилген маалыматтарга канааттангандыгын белгилешти. Жазуулар боюнча багыттоо Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү улук административдик муниципалдык кызмат орундарына резервин түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт Улуу Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктайм!