1. 2022-жылдын 25-майында (чыг. №01-24/651) Агенттиктин директорунун орун басары Р.М. Алыкуловдун жетекчилигинин астында 2022-жылдын 14-майында мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча болуп өткөн жыйындын протоколу түзүлүп, сунуштар ЖӨБ Союзуна, тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго жөнөтүлдү.
2. 2022-жылдын 25-майында (чыг. №01-24/652) 2022-жылдын 14-майында мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча болуп өткөң жыйындын протоколу түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине сунуштар жөнөтүлдү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.О. Кожошевдин тапшырмасына ылайык, укуктук документтери жок жерлер, имараттар жана бош жаткан жерлер боюнча маалыматтар топтолуп анализдер жүргүзүлдү.
4. Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн Нарматов көчөсүндө жайгашкан «Алымбек Датка» эс алуу жайынын аймагында Ж.Раимкулов атындагы №67 кесиптик лицейинин балансында турган 5-01-0002-0135 коду менен катталган суу кампасын Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү боюнча тиешелүү токтом долбоору даярдалып жатат.
5. 2022-жылдын 23-майында Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган, Хельветас Кыргызстан жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында «Ысык-Көл облусунда катуу турмуш-тиричилик калдыктарын башкаруунун Регионалдык планынын долбоорун ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү жана перспективалары» боюнча талкууга Агенттиктин атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
6. Электрондук соода аянтчасында аукциондорду өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2022-жылдын 19-майындагы протоколдук тапшырмасына ылайык, муниципалдык менчикте турган билим берүү (мектеп, бала бакча) жана маданият тармагындагы (клуб, маданият үйү, китепкана, музей) мекемелер тууралуу маалыматтарды чогултуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.