Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык
талаптарга жооп бериши керек
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
-жогорку билим;
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы же
тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
— жогорку билим;
— иш стажы талап кылынбайт.
Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик
тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
3) «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
5) «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому
менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:
— «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
— «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
— Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана
кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы;

Кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн текстик
тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому
менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:
— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы;
— «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция
министрлиги жөнүндөгү жобосу» Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №252 Токтому.
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
— жеке арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна
тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама);
— негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус
же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
— эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы
иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар
болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан
күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)
Конкурс жарыялангандан тартып 10 күн ичинде кабыл алынат. Конкурска
катышуу үчүн документтер «делого» тиркелип, Чаек айылы, М.Алыбаев көчөсү
№39, Жумгал райондук Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция
башкармалыгына тапшырылууга тийиш.
Сурап билүү байланыш номер: 0(3536) 23-236; 23-033 Квалификациялык
талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска чакырылбайт.