Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
-жогорку билим;
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
— жогорку билим;
— иш стажы талап кылынбайт.
Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:
- «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:
- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндөгү жобосу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №252 Токтому.
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
- жеке арызы;
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама);
- негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)
Конкурс жарыялангандан тартып 10 күн ичинде кабыл алынат.Конкурска катышуу үчүн документтер «делого» тиркелип, Чаек айылы, М.Алыбаев көчөсү №39, Жумгал райондук Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш.
Сурап билүү байланыш номер: 0(3536) 23-236; 23-033 Квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска чакырылбайт.