Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу менен биргеликте ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын долбоорун кеңири талкуу өткөрүүдө.

 

2023-жылдын 15-16-августунда Ош жана Жалал-Абад шаарларында жергиликтүү деңгээлдеги аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн, айыл өкмөт башчыларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын катышуусунда документти талкуулоо болуп өттү.

 

Ошондой эле, жолугушууларга Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин түштүк аймактар ​​аралык башкармалыгынын өкүлдөрү,  КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматкерлери катышты.

 

2023-2027-жылдарга жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын долбоорунун ушундай эле талкууларын Нарын жана Ысык-Көл облустарында өткөрүү пландалууда.

 

Документти талкуулоо Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAD “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун техникалык колдоосунун аркасында мүмкүн болду.