Тарыхый маалымат

       Биздин мамлекеттик органдын түзүлүшүнүн тарыхы өлкөбүздүн түптөлүшү, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө жана эгемендикке ээ болушу менен байланыштуу.

       Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык реформаларды тездетүү жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон административдик жана институционалдык потенциалды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик башкарууда жана мамлекеттик кызматта жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында 2004-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-жылдын 11-августундагы № 114 “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алган.

       Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 18-сентябрындагы №301 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттик түзүлгөн.

       Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин милдеттерине кесипкөй мамлекеттик кызматтын үзгүлтүксүздүгүн, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттик кызматка квалификациялуу кадрларды тартуу, мамлекеттик кызматчылардын өз милдеттерин натыйжалуу жана ак ниеттүү аткаруусу үчүн стимулдарды түзүү, мамлекеттик кызматты башкаруу боюнча институционалдык чараларды күчөтүү.

       Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты реформалоо менен бир мезгилде мамлекеттик башкарууну децентрализация кылуу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү ишке ашырылган. 2004-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-жылдын 21-августундагы №165 «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алган.

       Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 28-октябрындагы №503 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттик түзүлгөн.

       Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин ишинин негизги багыттары жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү аркылуу мамлекеттик башкарууну демократиялаштыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн оптималдуу системасын иштеп чыгуу болуп саналат, мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана функцияларды чектөө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук негиздерин өркүндөтүү, анын финансылык жана материалдык базасын чыңдоо, ошондой эле жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасында жергиликтүү жамааттардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү.

       Аткаруу бийлигинин системасына кирбеген мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 426 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттик тарабынан ыйгарым укуктарды берүү жана мамлекеттик органга баш ийген түзүмдү Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттик катары бекитүү кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы болуп өзгөртүлгөн.

            2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы менен өлкөнүн саясий системасы өзгөрдү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча, өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен чечүүгө кепилдиктер жана мүмкүнчүлүктөр берилди. Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликтин негизги принциптерин киргизген:

  • жалпы эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент тарабынан көрсөтүлүүчү жана камсыз кылынган элдин бийлигинин үстөмдүгү;
  • мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү;
  • мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы ачыктыгы жана жоопкерчилиги жана алардын ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусу;
  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө.

        Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө принцибин ишке ашыруу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын туруктуу жана кесипкөй кадрдык корпусун түзүү үчүн бирдиктүү негизди камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2012-жылдын 17-февралындагы № 44 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттик тарабынан мурда ишке ашырылып келген муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү функциялар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына өткөрүлүп берилген:

– муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бирдиктүү кадр саясатын жүргүзүү боюнча чараларды көрүү;

– муниципалдык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык класстык чендерди ыйгаруу;

– муниципалдык кызмат үчүн кадрларды даярдоо системасын түзүү боюнча иштерди уюштуруу, «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарууда усулдук жетекчиликти колдоо менен биргеликте жоболорду ишке ашыруу боюнча функцияларды аткаруу, ушул Мыйзамды белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде.

         Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий, коомдук күчтөрдүн, ишкердик субъекттердин жана жарандардын күч-аракетин бириктирүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 Жарлыгына ылайык, 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы бекитилген.

   Көптөгөн жаңы концептуалдык документтер кабыл алынган, мисалы: “Мамлекеттик кызматты модернизациялоонун концепциясы”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматын өнүктүрүү стратегиясы”, “Кыргыз Республикасында 2013-2017-жылдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өнүктүрүү программасы», “Кыргыз Республикасынында 2013-2020-жылдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү программасы” ж. б.

          2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын комплекстүү долбоорун иштеп чыккан.

        Жаңы Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 30-майында кабыл алынып, 2016-жылдын 7-июнунда күчүнө кирген.

    Мыйзам мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алуу системасын, кызматчылардын натыйжалуу, жемиштүү жана жоопкерчиликтүү иштешине көмөктөшүүчү материалдык жана материалдык эмес кызыктыруу механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган.

        Эгерде мурда мыйзамдарда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды өткөрүүдө айырмачылыктар болсо, азыркы учурда бул карама-каршылыктар жоюлган. Мамлекеттик жарандык кызмат менен муниципалдык кызматтын статусу теңдештирилди, б.а. мамлекеттик кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бирдей.

    Бул мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын бекитилген бирдиктүү Реестринде чагылдырылган, алардын ортосунда ротация жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, ошол эле учурда эки кызматта тең иштеген стажы бирдей эске алынат, эмгек акы төлөөгө бирдиктүү мамиле түзүлдү.

           Кабыл алынган Мыйзамдын негизги жаңылыктары:

— мамлекеттик кызматтын бирдиктүүлүгү, ошондой эле “мамлекеттик жарандык кызмат” жаңы түшүнүктү киргизүү;

— “Карьераны пландаштыруу” нормасын киргизүү;

— иштин натыйжалуулугун баалоону белгилөө (материалдык жана материалдык эмес мотивациянын негизинде мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу механизми катары);

— кызматчыларды окутуу, баалоо, ишинин практикалык натыйжалары менен алардын мансаптык жогорулашынын, материалдык жана материалдык эмес мотивациясынын ортосундагы өз ара байланышты орнотуу;

           2015-жылдын 20-июлундагы №177 “Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору иштелип чыккан:

— 2016-жылдын 27-июлундагы №149 “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

— 2016-жылдын 21-октябрындагы №169 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын декларациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

            Бул мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынып, мыйзамдуу күчүнө кирген. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

— «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө»;

— “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;

— “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө”;

— «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө».

            Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-июлундагы №172 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өткөрүлдү.

       Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №2377-VI токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №513 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында 2018-2023-жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жана  программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 9 жана 10-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана бекитилген.

         2021-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынып, өлкөнүн саясий өнүгүүсүнүн жаңы багыты аныкталган.

            Аталган өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен ведомство тарабынан « Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иштеп чыккан.

           Ушул Мыйзамдарды ишке ашыруу максатында, ошондой эле мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу контекстинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 520 “Мамлекеттик органдардын ишинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп, бирдиктүү мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү.

            Биздин мамлекеттик органдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
  • мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү жана оптималдаштыруу;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук жана финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоого көмөктөшүү.

            Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин негизги иш багыттары ийгиликтүү өнүгүп жатат:

– мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, муниципалдык жана ички резервдери: мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрларды тандоо системасы кадрдык резервдерди түзүү жолу менен камсыз кылуу;

– мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатууну уюштуруу;

– мамлекеттик башкарууда, жергиликтүү өз алдынча башкарууда, персоналды башкарууда жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын  квалификациясын жогорулатуу жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;

– мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү;

– мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта кадрдык процесстерди камсыз кылуу үчүн акыркы санариптик технологияларды киргизүү;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана санариптик технологияларды колдонууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү боюнча көмөк көрсөтүү.