Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын, КР Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасынын алкагында эки айлык ишембилик жарыяланган. Ошондой эле, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун буйругунун негизинде ар аптанын ишемби күндөрү ишембилик өткөрүү бекитилген.
Аба-ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу, Агенттиктин кызматкерлери өздөрү отурган имараттын ичин жууп, тазалашты.