Адеми Абдыкулова:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын жүзөгө ашырылуусуна мониторинг жүргүзүүнүн планына ылайык жыл башынан бери 5 органда: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинде, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Бишкек шаарынын мэриясында мониторинг жүргүзүлдү. Ошондой эле төмөнкү 8 мамлекеттик органда пландан тышкары мониторинг жүргүзүлдү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттарында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясында.