Адеми Абдыкулова:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин  2024-жылы  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  Мыйзамынын жүзөгө ашырылуусуна мониторинг  жүргүзүүнүн планына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде мониторинг жүргүзүлдү.

Жогоруда аталган Мыйзамдын 21-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, убактылуу жок болгон кызматчынын ордун ээлөө үчүн кадрлар резервинде турган адам чакырылат, же  жок болгон кызматчынын функциялык милдеттери бир же бир нече кызматкерге милдеттүү түрдө жүктөлөт жана аларга кызматтык маянасынын 25 пайызынан кем эмес өлчөмдө үстөк төлөп берилет. Бирок ушул ченемди бузуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде резервде турбаган 1 кызматкер дайындалган. Ошондой эле кызматчыларды ротациялоодо мыйзам-ченемдерге шайкеш келбеген 1 факты аныкталды. Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын 24-февралындагы № 61 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык   кызматчыларын   ротациялоо    тартиби  жөнүндө Жобонун 12-пунктуна ылайык, ротациялоо теңдеш кызмат орундарына же болбосо бир топтогу кызмат орундарынын чегинде жүргүзүлөт.

Мониторингдин жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө Агенттиктин сунуштары  Улуттук статистика комитети тарабынан эске алынып, көрсөтүлгөн кемчиликтер четтетилгенин билдиришти.