Адеми Абдыкулова:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин  2024-жылы  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  Мыйзамынын жүзөгө ашырылуусуна мониторинг  жүргүзүүнүн планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө аталган министрликте  патронаттык кызмат орундары боюнча мыйзамда белгиленген тартипте квалификациялык талаптар иштелип чыгып, бекитилбегендиги аныкталды. Бул кемчиликти оңдоо жөнүндө сунуштар министрликке жөнөтүлгөн.