Кудайберген Базарбаев Региондук кадрлар резервине конкурсанттарды аңгемелешүүдөн өткөздү

Кудайберген Базарбаевдин төрагалыгында Атайын түзүлгөн комиссия тарабынан Региондук кадрлар резервине киргизүү боюнча аңгемелешүү этабы өткөрүлдү. Аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер жалпы комиссиянын чечими менен атайын буйруктун негизинде аталган резервдерге киргизилет жана Агенттиктин сайтына расмий жарыяланат.

Агенттиктин сайтына конкурс боюнча жарыя жайгаштырылып, ошонун негизинде документ кабыл алуу жүргүзүлөт. Квалификациялык талаптарга туура келсе, тестирлөөгө жиберилип, жыйынтыгы жакшы чыкса аңгемелешүүгө киргизилет. Компьтердик тестилөө Агенттиктин Бишкек шаарындагы тестирлөө бөлүмүндө жана филиалдарында уюштурулат.

Жогоруда көрсөтүлгөн резердерге кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурат.

Аталган резервге киргизүү 3 этапта өткөрүлөт:

1-документтерди кабыл алуу.

2-компьютердик тест.

3-аңгемелешүү.