Агенттиктин кызматкерлери Жалпы республикалык ишембиликке чыгышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде барган сайын ишембиликке чыгуу жакшы салтка айланууда. Бүгүн, Жалпы республикалык ишембиликке Агенттиктин кызматкерлери дагы чыгышты. Иш чаранын максаты айлана чөйрөгө аяр мамиле кылуу жана табият менен татуу мамиледе болуу аркасында шаарыбызды таза кармоону көздөйт. Агенттиктин 60тан ашык кызматкерлер атайын бөлүнгөн жерди, таштандылар менен акыр-чикирден тазалашты.

Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев шаарды таза кармоо ар бир адамдын жарандык милдети деп эсептейт:

«Биз мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер башка мекендештер үчүн үлгү болуубуз абзел: Ал үчүн, таштандыны туш келди ыргытпай, ишембиликтерге чыгып, өзүбүзгө жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүп алуубуз керек. Ошондой эле, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер эле эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, жергиликтүү жамааттарды дагы чакырам.  Ким болбосун кичинекей нерсе көрүнгөн иш аркылуу, мамлекетке, өзү жашаган аймакка салым кошо алат»,- деди ал.