Бириккен Улуттар Уюмунунда Аймактык-административдик реформанын алкагында талкуу болду

Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүк үйүндө Аймактык-административдик реформанын алкагында талкуу болду. Иш чарага Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев кызматкерлери менен Кыргыз Республикасындагы Партнерлордун Өнүктүрүү боюнча Координациялык Кеңешинин Тең төрайымдары   Антье Кристин Граве, Кая Адамс айымдар менен мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Алгач Кудайберген Базарбаев сөз сүйлөп:  “Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин саясий эркин коштогон Жарлыктарынын негизинде көп жылдан бери  сөз болуп, бирок ишке ашпай келген Аймактык-административдик реформа Кыргыз Республикасынын баардык аймактарында жүргүзүлүүдө”-деди ал.

Андан соң Агентиктин тийиштүү кызматкерлери Аймактык-административдик реформа, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, Санариптештирүү боюнча аткарылган иштер жана пландар боюнча катышуучуларга презентация жасашты.

Талкуу жандуу өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган баардык суроолорго жооп ала алышты. Эл аралык өнөктөш уюмдар кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.