Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин куттуктоосу
Жараткан мусулман баласына ыйгарган улуу күнү Орозо айт майрамыбыз маарек болсун!
Нарк билген бабаларыбыз, динди салтуулукта тутунуп келген. Адалдык менен адилдикти туу туткан салттуу мусулманчылыктагы жолубуз кылымдарга байсалдуу болсун!
Жараткан Орозо айындагы акыйкат жолунда ак дилибизден кылган тилектерибизди кабыл кылсын. Өнүгүү жолундагы, өр тарткан өлкөбүздүн, өсүшү бекемдей берсин!
Жамаат менен окулган айт намазындагы баталарды жараткан кабылдансын!
Терең урматтоо менен, Кудайберген Базарбаев