Кудайберген Базарбаевдин төрагалыгындагы атайын комиссия Муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди кезектеги аңгемелешүүдөн өткөрдү
Кудайберген Базарбаевдин төрагалыгында Атайын түзүлгөн комиссия тарабынан Муниципалдык кадрлар резервине киргизүү боюнча аңгемелешүү этабы өткөрдү. Аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер жалпы комиссиянын чечими менен атайын буйруктун негизинде аталган резервдерге киргизилет жана Агенттиктин сайтына расмий жарыяланат.
Алгач, Агенттиктин сайтына конкурс боюнча жарыя жайгаштырылып, документ кабыл алуу жүргүзүлөт. Квалификациялык талаптарга туура келсе, тестирлөөгө жиберилип, жыйынтыгы жакшы чыкса аңгемелешүүгө киргизилет. Компьтердик тестилөө Агенттиктин Бишкек шаарындагы тестирлөө бөлүмүндө жана аймактардагы филиалдарында уюштурулат.
Резервге топтоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурат.