Кара-Буура районунун Көк-Сай айылдык аймактык кенеши «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык муниципалдык административдик кызматтын бош орундарына сынак жарыялайтЖооптуу катчы (башкы кызмат (Г-Б)- 1 орун;Квалификациялык талаптар:Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;18 жаштан жаш болбоого;КР ченемдик – укуктук актыларын билүүсү зарыл;кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.Компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word,ЕхсеL,Интернет). 1.Кесиптик билимдин деңгээли:– жогорку кесиптик билим.2.Иш стажы жана тажрыйбасы:– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы3.Кесиптик компетенттүүлүгү:– төмөнкүлөрдү билүү:Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын;Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамын;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы№ 184 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттонунун тартиби” жөнүндө типтүү Жобосу;адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек;бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 – 2 даана);өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);резюме;паспорттун көчүрмөсүн;керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндөдокументтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт); Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөнкү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде саат 9-.30 дан 17.30 чейин тапшыруу керек.Дареги: Көк-Сай айылы Нукеев көчөсү №20, Көк-Сай айылдык аймагынын кенсеси. Маалымат алуу телефондору: 0553 37 10 50 0700210816 Жазуулар боюнча багыттоо Айыл окмоту Курама объявляет конкурс на замещение вакантных административных должностей муниципальной службы ГОСУДАРСТВЕННАЯ КАДРОВАЯ СЛУЖБА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБЪЯВЛЯЕТ ВНУТРЕННИЙ КОНКУРС (только для резервистов ГКС КР) на замещение вакантных административных государственных должностей