Кара-Буура районунун Көк-Сай  айылдык аймактык кенеши   «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык муниципалдык административдик кызматтын бош орундарына сынак жарыялайт
Жооптуу катчы (башкы кызмат (Г-Б)- 1 орун;

Квалификациялык талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;
  • 18 жаштан жаш болбоого;
  • КР ченемдик – укуктук актыларын билүүсү зарыл;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  • Компьютерде иштөө  тажрыйбасы  (Word,ЕхсеL,Интернет).    

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку кесиптик билим.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы
    № 184 токтому менен бекитилген  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү  органдарынын ченемдик  укуктук актыларын каттонунун тартиби” жөнүндө типтүү Жобосу;
  • адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Сынакка  катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек;

  • бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;
  • кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 — 2 даана);
  • өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • резюме;
  • паспорттун көчүрмөсүн;
  • керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө
  • документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

      Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөнкү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде саат 9-.30 дан 17.30 чейин тапшыруу керек.

Дареги: Көк-Сай  айылы Нукеев көчөсү №20, Көк-Сай  айылдык аймагынын кенсеси. Маалымат алуу телефондору: 0553 37 10 50   0700210816