Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясы улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар: Уюштуруу иштери, документтик камсыздоо жана кадр маселелери боюнча башкы адис. 1 штаттык бирдик: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку билим-Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Гуманитардык, Коммуникация жана Байланыш ж.б.; 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 4.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 5.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: 1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы; 2.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы 4.Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамы 5.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. – Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -өз тармагы боюнча жогорку органдардан келген укуктук ченемдик актылардын, тапшырмалардын жана жарандардын арыз даттануулары менен иштөөгө көзөмөлдү жүргүзүү; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар: Социалдык өнүктүрүү, жаштар саясаты, маданият жана жашы жете элек өспүрүмдөр маселелери боюнча жетектөөчү адиси 1 штаттык бирдик: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку билим – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Гуманитардык, Социалдык, ж.б. тармактарында. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: Иш стажына талап коюлбайт. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; 3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: 1.Кыргыз Республикасынын “Жөлөк пулдарды чегерүү жөнүндө” Мыйзамы; 2.Кыргыз Республикасынын “Пенсияларды чегерүү жөнүндө” Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кесиптик билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамы – Билгичтиги: -жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; -кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; -жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; -мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; -командада иштөө; Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -өз тармагы боюнча жогорку органдардан келген укуктук ченемдик актылардын, тапшырмалардын жана жарандардын арыз даттануулары менен иштөөгө көзөмөлдү жүргүзүү; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Уюштуруу иштери, документтик камсыздоо жана мамлекеттик сыйлыктар боюнча адис. 1 штаттык бирдик: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку билим – Финансылык-экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Гуманитардык, Табигый илимдер, Коммуникация жана байланыш тармактарында. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: Иш стажына талап коюлбайт. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: 1.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; 2.Кыргыз Республикасынын “Улуттук мамлекеттик архивдик фонду жөнүндөгү” Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын “Эмгек” кодекси. – Билгичтиги: -жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; Конкурска катышуу үчүн адистер төмөндөгүдөй документтерди тапшыруусу зарыл: -конскурстук комиссиянын төрагасынын наамына арыз; -кадрдын өздүк барагы; – 3х6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөтү; -нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо); -нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча дипломдорунун көчүрмөсү; -резюмеси (электрондук почтасын көрсөтүү менен); -өмүр баяны; -паспортунун көчүрмөсү. Бул документтер жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисине конкурс жарыяланып чыккан күндөн баштап 14 календарлык күндүн ичинде (акыркы күнү саат 15-00гө чейин) тапшырылыш керек. Дареги: Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагынын Кара-Кулжа айылы, Б.Маткадыров көчөсү-№2. Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 3- кабаты, 0555 600 133, 0771 54 54 77; Жазуулар боюнча багыттоо Кара-Кулжа райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия