Административдик жана муниципалдык кызматчыларга карата квалификациялык
талаптарга төмөнкүдөй талаптар киргизилет:
1) стажга жана адистик боюнча иш тажрыйбага жана тийиштүү кесиптик көндүмдөргө
карата;
2) административдик кызмат орундарынын категориясын жана тобун эске алуу менен
билимдин деңгээлине жана тармагына карата; Кесиптик билимдин адистиги
(багыты) кызмат орунуна карата коюлган функционалдык милдеттерге
шайкеш келиши керек;
3) мыйзамдарда каралган учурларда кызматчы ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон
көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө карата.
Административдик жана муниципалдык кызмат орундарына милдеттүү типтүү
квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт:
1) кесиптик билимге;
2) административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен
мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш
тажрыйбасына;
3) кесиптик компетенцияларына:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тийиштүү тармактагы
мыйзамдарды билүүгө;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү көлөмдө мамлекеттик жана расмий
тилдерди билүү, ошондой эле чет тилди билүү (зарыл болгондо);
— тиешелүү чөйрөдө билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болуу.
Кесиптик билиминин бар экендиги белгиленген үлгүдөгү документ менен
ырасталат.
Кошумча билиминин бар экендиги — кайра даярдоо жана квалификацияны
жогорулатуу курстары тиешелүү документ менен ырасталат.
 Адистиги боюнча стаж: жогорку жана/же орто кесиптик билими туурасындагы
дипломдо көрсөтүлгөн адистиги боюнча иштеп баштаган күндөн тартып эсептелет.
 Зарыл болгондо адистиги боюнча мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш
стажын жана/же адистиги боюнча иш тажрыйбасын ырастоо эмгек китепчесиндеги
жазуулардын жана/же иштеген жеринен берилген маалымкаттын негизинде аныкталат.
 Мамлекеттик тилди билүү деңгээли: мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органы тарабынан ар бир административдик кызмат оруну үчүн белгиленет.
Башкы топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
орундарына:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же
тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан
кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы
мыйзамдарды
Улук топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
орундарына:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же
тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы
мыйзамдарды.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
орундарына:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн — тийиштүү багыттагы жогорку билим;
— муниципалдык кызматчылар үчүн — тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же
тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы
мыйзамдарды.
Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мамлекеттик
органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ыйгарым
укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
1. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу
катчысы Ж.Кудайбердиевага тапшырылсын.