КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараты, кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже топтогу административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт Кадрлар резервинин улук тобуна кирүү үчүн талаптар: Кесиптик билимдин денгээли: – Гуманитардык, педагогикалык, физика-математикалык жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; Иш стажы жана тажрыйбасы: – Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес, тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 3. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын. Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл: 1. КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы; “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамы; “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы; “КРнын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын коомдук тамактануусу жөнүндө” мыйзамы;. “Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому. Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Кадрлар резервинин кенже тобуна кирүү үчүн талаптар: Кесиптик билимдин денгээли: – Гуманитардык, педагогикалык, физика-математикалык жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; Иш стажы жана тажрыйбасы: – Иш стажына талаптар коюлбайт. Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын. Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл: 1. КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы; “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамы; “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы; “КРнын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын коомдук тамактануусу жөнүндө” мыйзамы;. “Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому. Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн ылдам тиккичте кийинкидей документтер тапшырылуусу зарыл: – жеке арыз; (конкурстук комиссиянын атына) – сүрөтү бар резюме (электрондук дарек кошо көрсөтүлөт); – өмүр баян (соттуулуктун бар-жогу тууралуу маалымат көрсөтүлөт); – негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт; – илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо); – ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат; – паспорт көчүрмөсү (сыннакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт). Документтер 2024-жылдын 11-марттан тартып 2024-жылдын 11-апрель саат 18-00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Сынакка катышуу үчүн ылдам тиккичте кийинкидей документтер тапшырылуусу зарыл: – жеке арыз; (конкурстук комиссиянын атына) – сүрөтү бар резюме (электрондук дарек кошо көрсөтүлөт); – өмүр баян (соттуулуктун бар-жогу тууралуу маалымат көрсөтүлөт); – негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт; – илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо); – ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат; – паспорт көчүрмөсү (сынакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт). Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду: Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү. Кара-Суу району, Кара –Суу шаары , Ж.Аматов көчөсү №2. Кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 11-марттан тартып 2024-жылдын 11-апрелине чейин. Байланыш телефону: 0551 006587 . Кабинет № 4. Жазуулар боюнча багыттоо Ноокат райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы