Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн улук жана кенже административдик
мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2023-жылдын
14- сентябрынан тартып 2023-жылдын 25- октябрга чейин ачык конкурс жарыялайт.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү
квалификациялык талаптар белгиленет:
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— педагогикалык багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем
эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар :
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2 ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндѳ .
3) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Жарандардын кайрылууларын кароо
тартиби жөнүндө
4) Кыргыз Республикасынын МыйзамыКыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө
5) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө
6) Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар :
1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы :
“Билим берүү жөнүндө” , “Мугалимдин статусу жөнүндө” ,
“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө”
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” ,

“Башталгыч кесиптик билим берүү” ,“Эл аралык келишимдер жөнүндө”, КРнын
Ѳкмѳтүнүн 2021-жылдын 5- мартындагы № 72 токтому “КРнын Билим берүү жана
илим министрлигинин маселелери жѳнүндѳ ”
билгичтиги:
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада
колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды
колдоно билүү.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык
талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгзэли :
— педагогикалык, фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку
билими;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптарды койбостон;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар :
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2 ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндѳ .
3) Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар :
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы : “Билим берүү жөнүндө”,“Мугалимдин статусу
жөнүндө” ,“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” “Мамлекеттик тил жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “1-4-класстын
окуучуларын тамактандыруу жѳнүндѳ ”
КРнын Ѳкмѳтүнүн 2021-жылдын 5- мартындагы № 72 токтому “КРнын Билим берүү
жана илим министрлигинин маселелери жѳнүндѳ “
3.2. билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны
практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:
3.3. көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

– жеке арызы;
– өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат)
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү;

Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү.
Кара-Суу району, Кара –Суу шаары , Ж.Аматов көчөсү №2.
Кабыл алуу мөөнөтү: 2023-жылдын 14-сентябрдан тартып 2023-жылдын 25-октябрга
чейин.
Байланыш телефону: 0551 006587 . Кабинет № 4.