Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл  өкмөтү кенже админстративдик кызмат орундарына ички резервке   конкурс     жарыялоого   сынак жарыялайт.

 

              Жер маселелер боюнча жетектөөчү адис (1 бирдик):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим же орто кесиптик билим — Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, Юриспруденция, Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Техникалык, Айыл чарба  багыттары боюнча

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

— Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

— Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:

  • жеке арыз
  • резюме
  • өмүр баян(соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)
  • кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы
  • фото сурөтү 2 даана
  • паспортунун же инсандыгын көбүлөндүрүүчү башка документация көчүрмөсү
  • зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтерди (эмгек китепчесинин көчүрмөсү билими квалификациясын жогорулаткандыгы илимий даража жана наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү алар нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүп ырасталышы керек).

 

Документтерди кабыл алуу; жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү даректе кабыл алынат:

Кара-Суу району Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн кеңсеси.

Маалымат үчүн тел: 0550 13-75-48.