Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин уюштуруусунда “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрдык резервин даярдоону жакшыртуу” деген темада керге кеңеш болду.
Иш чара Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Э.Т. Окенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары З.Т. Тургунбаев, тиешелүү мекеме ишканалардын өкүлдөрү жана Ош Мамлекеттик университенин “Бизнес жана менеджмент” факультетинин “Мамлекет жана муниципалдык башкаруу” кафедрасынын студенттеринин катышуусунда өткөзүлдү.
Кереге кеңештин жүрүшүндө суроо-жооптор, сын сунуштар айтылып, келген конокторго маалымат иретинде даярдалган атайын слайд презентацияланды.