Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Карыпбеков Улан Кадырсултановичге Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы “КРУиЗ” мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын борборунун жетекчилиги келип ыраазычылык кат тапшырышты.
1- июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүндө Агенттиктин директору Улан Кадырсултанович аталган борбордун тарбиялануучуларынын абалы менен таанышып, өз каражатынан колдоо көрсөтүп, балдарга белектерин тапшырып, майрамдары менен куттуктап келген.
Жетекчи У.К. Карыпбеков аталган балдар үйүнө колдон келген жардамдарды берүү мындан ары дагы уланаарын билдирди.
Өз кезегинде, балдар үйүнүн атынан келген өкүлдөр ыраазычылыктарын айтышты.