Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүн утурлай спорттук иш чара уюштурулду
2023-жылдын 21 июнунда Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнүн салтанатына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу иштери боюнча Агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыссык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ысык-Көл облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы менен биргеликте спорттук иш-чара уюштурулду.
Ысык-Көл облусунун 5 район 2 шаарынын райондук мамлекеттик администрациялардын шаардык мэриялардын аппаратарынын жана облусттук мекемелердин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Таймашуу спорттун төрт түрүндө өттү: футбол, волейбол, теннис жана шахмат.
Футбол боюнча биринчи орунду Ысык-Көл облустук мамлекеттик статистика башкармалыгы, экинчи орунду Ысык-Көл облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы, үчүнчү орунду Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү алышты.
Волейбол боюнча биринчи орунду Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы, экинчи орунду Балыкчы мэриясы, үчүнчү орунду Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү алышты.
Теннис боюнча биринчи орунду Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, экинчи орунду Ысык-Көл облустук мамлекеттик статистика башкармалыгы, үчүнү орунду Ак-Суу мамлекеттик администрациясы утушка ээ болушту.
Шахмат түрүнөн биринчи орунду Ысык-Көл облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы, экинчи орунду Ысык-Көл облустук мамлекеттик статистика башкармалыгы жана үчүнчү орунду Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү алышты. Женишке ээ болгон командаларга кубок, медальдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалпысынан 60 киши катышты.