МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР АРАСЫНДА АРАЛЫККА ЧУРКОО БОЮНЧА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ
23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Нарын облусунун аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында аралыкка чуркоо боюнча спорттук мелдеш уюштурулду.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгы жана Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурган спорттук иш чара бүгүн, 21-июнда Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” стадионунда өткөрүлдү.
100, 400 метрге жана узак аралыкка чуркоо боюнча мелдешке 50дөн ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышып, жеңүүчүлөргө Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын диплом, медалдары, ошондой эле Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жана КР Борбордук шайлоо комиссиясынын баалуу белектери ыйгарылды.