Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Базарбаев Кудайберген Базарбаевич “Коммуникация жана коомчулук менен байланышуу” аталыштагы тренинг- семинарга катышты. Агенттиктин кызматкерлерине уюштурулган тренингде Кудайберген Базарбаев кириш сөз сүйлөп, коомчулук менен байланыш жана коммуникация маселелерине токтолуп, маалыматтык ачыктык ишинин учурдагы маанилүүлүгүн баса белгилеп, ийгилик каалады. Иш чара Агенттиктин жетекчилигинин, эмгек жамааттын, коомдук уюмдардын, Башкаруу академиясынын колдоосу, мекеменин пресс-катчысынын сунушу менен ишке ашырылды. Белгилүү журналист, коммуникация боюнча эксперт Ibraim Nurakun Uuluна убактысын бөлүп келип, тренинг өтүп бергендиги үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттиктин кызматкери “Бирдиктүү ден-соолук” аталыштагы семинарга катышууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну координациялоо жана колдоо бөлүмүнүн башкы адиси Саттаров Нурсултан Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылында 2023-жылдын 9-октябрынан 12-октябрына чейин 3-күндүк Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан “Бирдиктүү ден-соолук” механизмдерин иштеп чыгуу боюнча өтүп жаткан семинарга катышууда. Иш чаранын максаты өлкөдө чыгып жаткан баардык оорууларды акумулировать этип оорулардын жер-жерлерде жашап жаткан калкка массалык түрдө жугуп кетүүсүнүн алдын алуу болуп саналат. Агенттиктин семинарга катышуудагы негизги жана аткаруучу милдети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эпидемиологиялык ооруларды өзүнүн аймагындагы калкка жайылып кетпөөсүнүн алдын алууга, жергиликтүү жамаатарга көмөк көрсөтүүсүн күчөтүүнү көзөмөлгө алуу. Бирдиктүү механизмди иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперттери, КР Финансы, Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринен жана ведомстволордон кызматкерлер катышууда. Кудайберген Базарбаев Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүн утурлай өткөрүлгөн майрамдык иш-чарага катышууда