Кудайберген Базарбаев Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүн утурлай өткөрүлгөн майрамдык иш-чарага катышууда
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Базарбаев Кудайберген Базарбаевич Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлүп жаткан майрамдык иш-чарага катышып, эмгеги сиңген социалдык-мамлекеттик кызматкарлерге Агенттиктин сыйлыктарын тапшырды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов, Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Б. Базарбаев, КР Социалдык коргоо жана эмгек министри Г.М. Баатырова, БГУнун ректору катышууда ж.б. тармактык тийиштүү кызматкерлер катышууда.
Социалдык кызматкерлердин эң алгачкы баскычында, муктаждар менен түздөн, түз иш алып барган кызматкерлеринин катышуусунда биринчи жолу жалпы республикалык деңгээлде майрамдык иш чара уюшурулду. Салтанатка аймактардан өкүл катары 104 кызматкер келип катышууда. Өлкө боюнча 900дөй социалдык кызматкер, 12 000ден ашык жардамга муктаж адамдарды камкордукка алып келет.
Жетекчи куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
“Сиздер мамлекетибиздин өтө таттаал жана аярлуу катмары менен түздөн түз иш алып барасыздар. Сиздердин камкордугуңуздар баасыз жана өлчөмсүз деп айта алам. Түмөн түйшүк коштолгон, ары абыгерлүү ишиңиздердин акыбетин бүтүндөй мамлекет көрөрү турган иш.
Бүгүнкү иш чаранын максаты сиздерге жакындан көңүл буруунун алгачкы тепкичи же башаты деп билиңиздер. Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожович Жапаровдун башкаруусунда мамлекетибиз эми гана өнүгүү жолуна түшө баштады. Демек сиздерге дагы татыктуу көңүл бурулаары турган маселе деп ойлойм.
Ааламдашуу процессинде, дүйнө элдерине жана өзүбүзгө көз чаптырсак өз баласын, керек болсо алпештеп баккан ата-энесине карабай кеткендер жок эмес. Бөлөк, бөтөн дээрлик адамдарга кол сунуп, камкордук кылып, кызматтык унаасы жок, жол тосуп, жөө жалаңдап канчалаган чакырымдарды басып отуруп кылган эмгегиңиздерге ыраазычылык билдирем!”,- деди.