Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору — Базарбаев Кудайберген Базарбаевич «Коммуникация жана коомчулук менен байланышуу» аталыштагы тренинг- семинарга катышты.
Агенттиктин кызматкерлерине уюштурулган тренингде Кудайберген Базарбаев кириш сөз сүйлөп, коомчулук менен байланыш жана коммуникация маселелерине токтолуп, маалыматтык ачыктык ишинин учурдагы маанилүүлүгүн баса белгилеп, ийгилик каалады.
Иш чара Агенттиктин жетекчилигинин, эмгек жамааттын, коомдук уюмдардын, Башкаруу академиясынын колдоосу, мекеменин пресс-катчысынын сунушу менен ишке ашырылды.
Белгилүү журналист, коммуникация боюнча эксперт Ibraim Nurakun Uuluна убактысын бөлүп келип, тренинг өтүп бергендиги үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.