Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында 2-окууда каралып, колдоого алынды.
“Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамыныны долбоору менен төмөнкү айыл аймактардын жана айылдардын аталыштары кайра аталууда:
1) Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы;
2) Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы;
3) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы;
4) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр айылын Достук айылы;
5) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Чек айылын Ынтымак айылы;
6) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы;
7) Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы;
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп кайра атоо сунушталат.
Жогорудагы Мыйзам долбоору 2023-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында 1-окууда колдоого алынган.