Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча Агенттикте Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Б. Базарбаев менен Ханнс Зайдель Фонду, Борбор Азия боюнча долбоордун жетекчиси доктор Макс Георг Майер жана Ханнс Зайдель Фондунун Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бүтүрүүчүлөр тобунун төрагаларынын сылыктык жолугушуусу болду .

Директор К. Базарбаев жогорку даражалуу мейманды жылуу тосуп алып, бул жолугушуунун маанилүүлүгүн айтып, төмөнкүлөргө токтолду. Ханнс Зайдель фондунун Кыргызстандагы жогорку ишмердүүлүгү, өлкөбүздө оң имиджге ээ болгондугу тууралуу кабардар экенин белгиледи. Ошондой эле Ханнс Зайдель Фонду ар кандай тармактарда, тактап айтканда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу жаатында ишенимдүү жана компетенттүү өнөктөш катары бекем кадыр-баркка ээ экендигин баса белгиледи.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө квалификацияны жогорулатуу багыты боюнча 2024-жылга карата иш алып баруу планы боюнча пикир алмашышты жана буга чейин 2017-2019-жылдары ийгиликтүү ишке ашырылган «Кыргыз Республикасынын муниципалитеттери үчүн ачык-айкындуулук паспорту» аттуу долбоордун натыйжалары тууралуу ой бөлүшүштү.