Агенттикте “Коррупцияга каршы жүрүм-турумунун стандарттары” боюнча тренинг өткөзүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин аппаратынын кызматкерлерине “Коррупцияга каршы жүрүм-турумунун стандарттары” боюнча тренинг өткөзүлдү.
Трененингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 180 “2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы, жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан жалпы түшүнүктөр берилди.
Тренингди Агенттиктин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Бактыярбек Джээнбаев алып барды жана анын 2023-жыл боюнча иш планын алкагында уюштурулду.