Агенттик тарабынан иштелип чыккан «Айыл статусу» боюнча мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште каралды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бооюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” КР Мыйзам долбоору КР Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында 2-окууда колдоого алынды.
Мыйзам долбоору менен төмөнкү калктуу конуштар айыл категориясына киргизүүгө сунушталды:
Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов;
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер;
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жийделик;
Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек;
Ош шаарынын Качыбек;
Ош шаарынын Мээркан;
Ош шаарынын Татар,
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач;
Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Достук;
Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кызыл-Тал;
Ош облусунун Ноокат районун Т. Зулпуев айыл аймагынын Калдай;
Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил;
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конуштары.