Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча Агенттикте Борбор Азия университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 19-октябрь, 2023-жылы мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М.Ж. Омурзаков Борбордук Азия Университетинин (Бау) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу программасынын директору доктор Тилекеев Канат менен жолугушту.

М. Омурзаков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өнүктүрүүдө БАУнун ролунун маанилүүлүгүн жана маанисин баса белгиледи. Ошондой эле, «Нарын шаарынын туруктуулугун бекемдөө»программасын ишке ашыруу менен тыгыз байланышкан шаардык туруктуулук боюнча Нарын шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин окутуу программасынын түзүлгөндүгүнө ыраазычылыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө окутуу программасын деталдуу талкуулоо болуп өттү, анын жыйынтыгы боюнча тараптар келечекте жогоруда аталган программаны ишке ашыруу үчүн меморандумга кол коюуну пландаштырууда.

Жолугушуунун аягында М.Ж. Омурзаков Нарын шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин окутууда оң натыйжа бере турган, белгиленген пландарды ишке ашыруу боюнча жемиштүү жана конструктивдүү кызматташууну улантууга ыраазычылыгын жана үмүтүн билдирди.