Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинете караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги 2023-жылдын 19-октябрынан баштап Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгана карата, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 538-тескемесин аткаруу максатында, мамлекеттик кызматчылардын ишинде адам укуктары жана эркиндиктеринин ролун жогорулатуу боюнча аттестация баштады.
Эң биринчилерден болуп аттестацияны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппараты өтүп баштады, ал эми бул иш-чара 2023-жылдын 15- декабрына чейин уланат.
Бул аттестация мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишинде адам укуктары жана эркиндиктеринин ролун жогорулатуу болуп эсептелет.