Кудайберген Базарбаев “Аксакалдар соттору жөнүндө” жана “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынын биринчи окуусуна баяндама жасап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан сунуш кылды.
Аталган мыйзам долбоорлору Агенттик тарабынан иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда жактырылды.
“Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору Мыйзамды Конституцияга ылайык келтирүү жана аксакалдар сотторунун уюштуруу-укуктук негиздерин өркүндөтүү максатын көздөйт.
Колдонуудагы Мыйзамга салыштырганда Мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр бар.
1. Конституциянын аксакалдар соттору жөнүндө нормаларына ылайык жана калк менен аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн ортосундагы тыгыз байланышты камсыз кылуу максатында аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн калктуу конуштардын тиешелүү аймактык бирдиктеринин жашоочулары тарабынан шайлоо жана чакырып алуу сунушталат.
Аксакалдар сотунун курамы колдонуудагы мыйзамда каралгандай жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилбейт. Долбоор боюнча аксакалдар сотунун курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин буйругу менен жарыяланат.
Аксакалдар сотторунун статусу жарандар тарабынан ыктыярдуу башталыштарда, шайлануунун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлүүчү коомдук орган катары аныкталды.
Ал эми аксакалдар сотторун каттоо функцияларын мэриянын жана айыл өкмөтүнүн аппараттарына берүү сунушталат.
Республикабыздагы 4380 мүчөсү бар, 785 аксакалдар соттору 2017-жылдан бери аксакалдар сотторунун коомубуздагы ролун так аныктаган мыйзамдын кабыл алынышын чыдамсыздык менен күтүп жатат.
Бул Мыйзам долбоору “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору менен Мыйзамдын 1-, 4-, 5-, 8-12, 15-, 18-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Ал сунуштар төмөнкү маселелерге багытталган.
Мыйзамда жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укугуна туура келбеген, жамааттын уставын жергиликтүү кеңеш бекитет; жамааттардын ассоциациялары (бирликтери) жергиликтүү кеңештерде катталган учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат деген нормалар бар.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодесинин 87-беренесине ылайык, юридикалык жактын уюштуруу келишимин анын уюштуруучулары (катышуучулары) түзүшөт, ал эми уставы алар тарабынан бекитилет.
Ошондуктан Мыйзамдын тиешелүү нормалары Граждандык кодекске шайкеш келтирилди.
Мыйзамда жамааттардын ассоциациялары (бирликтери) жергиликтүү кеңештерде катталган учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат деген норма юридикалык жактарды каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 86-беренесинин 1-бөлүгүнө каршы келет.
Калган өзгөртүүлөр “жамаат” түшүнүгүнүн аныктамасына жергиликтүү жамааттардын бир үй чарбасынын кызыкчылыктарын билдирген деген толуктоону, Мыйзамда колдонулган “мамлекеттик башкаруу органдары” деген түшүнүктөр “мамлекеттик органдар”, “жергиликтүү кеңештер, алардын аткаруу органдары” деген түшүнүктөр “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” деген түшүнүктөр менен алмаштырырууну камтыйт.