Компьютердик жабдууларга муктаж болгон 25 айыл өкмөтүнө материалдык жардам берилди

“Санарип аймак” долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, БУУнун Дүйнөлук азык түлүк программасынын көмөгү аркасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына компьютердик жабдуулар менен камсыз кылды.

Компьютердик жабдууларды муктаж болгон аймактардын башчыларына агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевич тапшырды.

“Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумун анын ичинен “Жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорт” модулун жакшыртуу үчүн, 25 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин алга жылдырууга өбөлгө болуу максатында ишке ашырылды.