Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кадрдык резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндө Жарыя

Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 ПЖ “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн улук жана кенже топтогу кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.

Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

– сынактын катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык келүүсүн кароо;

– мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү;

– аңгемелешүү.

Кызматтардын улук тобун ээлөөгө кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— Жогорку билим. (Социалдык жана гуманитардык илимдер, юриспруденция, экономика жана менеджмент, фундаменталдык информатика, маалыматтык технологиялар жаатындагы жогорку билим)

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

  1. Кесиптик компетенциялар:

      жалпы мыйзамдарды билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
  • “КРнын Кыргыз тили жөнүндө” Конституциалык мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • “КРнын Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү.

– билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

– көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

Кызматтардын кенже тобун ээлөөгө кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– Жогорку билим. (Социалдык жана гуманитардык илимдер, юриспруденция, экономика жана менеджмент, фундаменталдык информатика, маалыматтык технологиялар жаатындагы жогорку билим)

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– Иш стажы талап кылынбайт.

  1. Кесиптик компетенциялар:

 жалпы мыйзамдарды билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
  • “КРнын Кыргыз тили жөнүндө” Конституциалык мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • “КРнын Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү.

– билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө;

– көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:

– жеке арыз;

– кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөт менен;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

– автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек);

– соттолбогондугу жөнүндө маалымкат.

Арыз берүүнүн мөөнөтү: 2024-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейин.

Көрсөтүлгөн документтер көктөмөгө көктөлгөн кагаз вариантында, Кочкор а, Мурсалиев көчөсү № 15 дарегиндеги Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыз:

(3535) 5-03-64 сот: 0701 253523