Кудайберген Базарбаевдин демилгеси менен Агенттиктин бөлүмдөрүнүн башчыларына “Маалыматтык коопсуздук” темасындагы семинар уюштурулду

Семинарда, санариптештирүү алкагындагы ааламдашуу, маалыматтык техналогияларынын көп түрдүүлүгү жана интернет айдыңындагы маалыматтарды ылгай алуу, жарыяланган материялдарга анализ жасай билүү сыяктуу маселелерди камтылды.

Семинар Агенттиктин пресс-катчысы С.Р. Босумбаев, директордун коомдук кеңешчиси А.Н. Набитаев тарабынан уюштурулуп, КР Президентине караштуу Улуттук Стратегиялык Институтунун кызматкери А.К. Ахматов тарабынан өткөзүлдү.

А.К. Ахматов өз сөзүндө, “Кадр тандоо маселесинде, ар кыл мамлекеттик кызмат ордуна талапкердин маалыматтык коопсуздук боюнча маалымдар болушу керектиги келечектин иши болуп бара жатканын”  айтып өттү.