Кудайберген Базарбаев: “2-3 айдын ичинде “Санарип аймак” базасына жарандардын маалыматтын каттоону 83 пайызга жеткирдик”.
Кудайберген Базарбаев Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүндөгү санариптештирүү жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн абалы менен таанышты.
Кудайберген Базарбаевдин сапардын алкагында иш менен таанышуудагы сүйлөгөн сөзүнөн:
“Жарандардын маалыматтарын “Санарип аймак” тутумуна каттоо оңой болгон жок. 2023-жылдын август айында “Санарип аймак” тутумуна каттоо 56 эле пайыз болгон. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн мен Агенттиктин кызматчыларынан топ түзүп региондорго жөнөттүм. Жеринде жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 2-3 айдын ичинде “Санарип аймак” базасына жарандардын маалыматтын каттоону 83 пайызга жеткирдик. Бүгүнкү күндө “Санарип аймак” системасында 23 мамлекеттик орган жана 59 коммерциялык уюм менен “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну ишке ашырып жатат».
Иш чарага, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы М. Омурзаков, пресс-катчысы С. Босумбаев жана тармактык кызматкерлери, КР Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Сокулук районунунун жергиликтүү мамлекеттик админстрациясынын башчысынын орун басары, Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты катышты.
Үй чарба китепчеси – бул модул жарандардын анык жашаган жери, үй-бүлөө курамы, үй-чарбасы, мал-жандыгы жана авто унаасы жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Бүгүнкү күнгө карата «Санарип аймак» системасынын базасына Военно-Антоновка айыл аймагындагы жарандар-100%, үй-чарба-100% катталды.
Ошондой эле, Кудайберген Базарбаев Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынынын иши менен дагы таанышты.