Кудайберген Базарбаев: “Жүргүзүлгөн реформанын негизинде Түп районунун 13 айыл аймагы 5 айыл аймакка, Нарын облусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 63төн 27ге кыскарды”.
Кудайберген Базарбаевдин демилгеси менен Агенттиктин кызматкерлеине Административдик-аймактык реформалар боюнча усулдук-семинар уюштурулду
Кудайберген Базарбаевдын усулдук-семинарды ачып жатып сүйлөгөн сөзүнөн: “Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин атайын Жарлыктарына ылайык, пилоттук режимде Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунун Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор райондорунда административдик-аймактык реформа жүзөгө ашырылды. Жүргүзүлгөн реформанын негизинде Түп районунун 13 айыл аймагы 5 айыл аймакка бириктирилди. Нарын облусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 63төн 27ге кыскарды. Натыйжада Түп району боюнча эмгек акыдан үнөмдөлгөн каражат 8 млн сомду, Нарын облусу боюнча 113 млн. сомду түздү”.
Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүп жаткан Административдик-аймактык реформа жана аны ишке ашыруу боюнча усулдук-семинар болуп өттү.
Иш чрарда, Агенттиктин административдик-аймактык маселелер боюнча бөлүм башчысы В. Исалиева, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн башчысы Т. Мамасалиева, агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Б. Усеналиева жана башка кызматкерлер Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүп жаткан Административдик-аймактык реформа жана аны ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер менен пландарды презентациялашты.
Усулдук-семинар, Административдик-аймактык реформа жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасы, Административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча тиешелүү документтерди топтоо жөнүндө, Административдик-аймактык реформанын алкагында укуктук камсыздоо ж.б. маселелер тууралуу уюштурулду.