менен “Жергиликтүү деңгээлдеги программалык документтерде бекитилген үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу жаатындагы иштер аткарылууда.
Милдеттердин жана чаралардын аткарылышын баалоо жана көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү кенештердин депутаттары үчүн Усулдук колдомо” иштелип чыккан. Агенттиктин буйругун негизинде USAIDдин “Ийгиликтүү аймак-2” долбоору менен биргеликте аталган Усулдук колдонмо Чүй жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештерине колдонуу сунушталды.
Иш алып барууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Ч.Ч. Ачикеевага тапшырылды.
Усулдук колдонмо мындан мурун республиканын башка облустарынын жергиликтүү кеңештерине тапшырылган.