Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн стимулдарштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде “Эң мыкты айыл өкмөтү” жалпы мамлекеттик сынак жыл сайын өткөрүлүп келет. Өткөн жылы айыл өкмөттөрүнүн ишмердүүлүктөрүн баалоо боюнча критерийлерге өзгөртүү киргизилип, байге фонду 12 миллион сомго көбөйтүлгөн.
Иш чарада, КР Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаров жеңүүчүлөргө сертификаттарды тапшырды.
“Эң мыкты айыл өкмөтү” жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, 1-топ – алыскы, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу аймактарда жайгашкан жана өзгөчө чек ара статусуна ээ болгон айылдары бар айыл өкмөттөрү, 2-топ – 1-топко кирбеген айыл өкмөттөрү боюнча 2022-жылдын жыйынтыгы менен жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын кароосунан өтүп жыйынтык чыгарылды.
КР Президентинин Ала-Арча резиденциясында сыйлыктарды тапшыруу аземи уюштурулду.
Биринчи топтун арасынан
– I орун Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Добо айыл өкмөтү
– II орун Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтү
– III орун Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айыл өкмөтү
Экинчи топтун арасынан:
– I орун Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтү
– II орун Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтү
– III орун Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтү.