Кудайберген Базарбаевдин жаштар менен иш алып баруу тапшырмасы аткарылууда Кудайберген Базарбаевдин өсүп келе жаткан жаш муундар менен иш алып баруу боюнча тапшырмасынын алкагында, Агеннтиктин Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Б.К. Джээнбаев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык институнда уюшулган “Кыргыз Республикасынын санариптештирүү шартында маалыматтык саясаттын көйгөйлөрү жана келечеги, Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана маалыматтык мыйзамдарды өркүндөтүү” темасында тегерек столго катышты. Б.К. Джээнбаев “Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында автоматташтырылган маалыматтык тутумдар боюнча («e-Kyzmat» жана «Санарип Аймак»)” темасында сөз сүйлөп, аткарылып жаткан иштер боюнча жалпы маалымат берди, аны менен бирге эле катышуучуларды кызыктырган суроолоруна жооптор берилди. Жазуулар боюнча багыттоо Кудайберген Базарбаев жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен агенттиктин бөлүм башчысы Венера Исалиева Улуттук сфорумга катышты