Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен Агенттиктин кызматкерлери аймактарды кыдырууда
Кудайберген Базарбаевдин демилгеси менен Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Б. Джээнбаев тарабынан Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлерине коррупцияга каршы жүрүм турум стандарты боюнча семинар уюштурулду.
Мамлекеттик кызматтагы тыюу салуу, чектөө, талап түрүндөгү туюндурулган мыйзамдык белгиленген эрежелер боюнча маалыматтар берилип, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоого багытталган иш-аракеттеринин активдүүлүгүн жасоодон баш тартуу же аракетсиздикке жол бербөө түрүндөгү белгиленген көрсөтмөлөрдү так сактоонун милдеттери түшүндүрүлүп берилди.
Ошондой эле, Агенттиктин кызматкерлери Джээнбаев Б.К., Кожомбердиев З.Т. Жолдошева Э.Ж. Сатыгулов Д.М тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында пландан тышкаркы мониторинг жүргүзүлдү.