Кудайберген Базарбаевдин демилгеси менен пландан тышкаркы мониторинг жүргүзүү кезеги Жалал- Абадга келип жетти
Агенттиктин кызматкерлери Джээнбаев Б.К., Кожомбердиев З.Т. Жолдошева Э.Ж., Осмонов Б.Т. тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында пландан тышкаркы мониторинг жүргүзүлдү.
Аны менен бирге эле, Б.К. Джээнбаев тарабынан Жалал- абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн тиешелүү кызматкерлерине Мамлекеттик кызматтагы тыюу салуу, чектөө, талап түрүндөгү туюндурулган мыйзамдык белгиленген эрежелер боюнча маалыматтар берилип, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоого багытталган иш-аракеттеринин активдүүлүгүн жасоодон баш тартуу же аракетсиздикке жол бербөө түрүндөгү белгиленген көрсөтмөлөрдү так сактоонун милдеттери түшүндүрүүлөр берилди.