«Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык системаларын өнүктүрүү
Агенттиктин директорунун орун басары Саргазаков Максат Таштанбекович Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эл аралык консультанты Патрисия Факультад айым, БУУ долбоорунун координатору Укулов Курманбек менен жолугушту.
Директордун орун басары М. Саргазаков конокторго демилгелери үчүн ыраазычылык билдирди жана ошондой эле өз ара ишенимдүү өнөктөштүктүн өзгөчө маанилүүлүгүн айтуу менен Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымын баса белгиледи.
П. Факультад айым жолугушууга жана Кыргызстандын IT секторун мындан аркы жалпы өнүктүрүү жана санариптештирүү маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, аналитикалык блокту модернизациялоого, маалыматты иштеп чыгуу этаптарында, артыкчылыктарды аныктоодо жана Санарип Аймактын автоматташтырылган маалыматтык тутумдары андан ары өнүктүрүүдө эксперттик колдоого даяр экендигин билдирди.
Ошол эле учурда, М. Саргазаков Агенттиктин автоматташтырылган маалыматтык тутумдары өнүктүрүүгө байланыштуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кеңсеси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдонуучулары үчүн окуу семинарларды уюштурууга кызыкдар экенин билдирди